Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда Жогорку Соттун 90 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу судьялар жана сот коомчулугунун өкүлдөрү!
Кыргызстандыктар менен чогуу өлкөнүн сот системи да калыптануунун татаал жолун басып өттү.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан укуктук мамлекетти курууга багыт алды. Коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш жүрүүдө. Өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү орношу керек. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, Кыргызстандын улуттук таламдарын коргоону камсыз кылуу өтө маанилүү болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун өзгөчө орду мына ушунда экендигин баса белгилейм.
Сот системиндеги реформалар карапайым кыргызстандыктардын жашоо-турмушуна жакшы таасир тийгизүүгө тийиш. Судьялардын ак ниеттүүлүгү жана абийирдүүлүгү, сатылбастыгы жана калыстыгы биздин жашоо-турмушубуздагы чындык болуп калышы керек. Адамдардын бийликке болгон ишеними, коомдо стабилдүүлүктүн сакталышы сиздердин кесипкөй жана компетенттүү иштегениңиздерге жараша болот. Сиздер карапайым элдин үмүтүн актайсыздар деп терең ишенем.
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун 90 жылдык юбилейи менен куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык болуп, өсүп-өнүгө берсин!”