Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы 12-декабрдагы жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик активдерди жана улутташтырылган объекттерди башкаруу ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү боюнча фонд төрагасы Дүйшөн Ирсалиевдин маалыматын укту. Жыйын жүрүшүндө Ирсалиев депутаттарга мекеменин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берип, суроолоруна жооп берди. Фракция мүчөлөрү анын бул кызматка дайындалганына 2 ай болгонун эске алып, “канааттандырарлык” деген чечим чыгарды. Фракция мүчөсү Курманбек Дыйканбаев аны эл өкүлдөрүнүн суроолоруна ачык жооп берип жатканы үчүн мактады. Ирсалиев фонддун ыйгарым укуктары башка министрликке бөлүштүрүлүп кеткенин айтты. “Бизде эч кандай укуктар калбаптыр. Баары башка министрликтерге берилип кетиптир. Биз азыр Экономика министрлигинин көзөмөлүнүн артында иш жасайбыз”,- деди Ирсалиев.