Асылбек Жээнбеков: “Биз коррупционер адам баары бир кармала турган системди түзөбүз"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда Улуттук филармонияда Жогорку Соттун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, судьялар менен сот кызматкерлерин мааракеси менен куттуктады.

Төрага өз сөзүндө көз карандысыз жана адилет сот тутумун калыптандырууда жана анын ишин камсыз кылууда мыйзам чыгаруу бийлигинин да өз милдеттери бар экенин, кыргыз парламенти сот тутумун түзүүгө, анын көз карандысыздыгын камсыз кылууга катыша турганын белгиледи.

Спикер куттуктоо текстинде төмөнкүлөрдү айтты:  “Бул мааракени белгилөө кыргыз коомунда, кыргыз элинде сот системи мындан 90 жыл мурда гана калыптана баштаган дегендикти билдирбейт. Кыргыз мамлекеттүүлүгүндө ага чейин эле сот адилеттигинин ошол өткөн замандарга, өткөн коомдорго бап келген тутуму болуп келгендиги карт тарыхтан белгилүү. Өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарында сот тутуму коомчулук эңсегендей болуп түптөлдү жана өнүктү деп айтууга али эрте. Ырас, коомдук жана мамлекеттик турмушту демократиялаштыруу, рынок экономикасына өтүү процесстерин жүргүзүүгө байланышкан оош-кыйыштуу жагдайлар сот системинин иштөөсүнө жана өнүгүүсүнө таасир этпей койгон жок.

Эгемен мамлекетти, эркин коомду, адилет сот системин куруу сыноосунан бардык эле жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер, судьялар өтө алган жок. Сот системинин коррупциялашкандыгы тууралуу маселелер, башка көйгөйлөр коомчулуктун көңүл борборунда дайыма болуп келди. Экономикалык, социалдык жана саясий чөйрөлөрдө демилгеленген бир катар реформаларга мурдагы сот системи кедерги болуп, ишке ашпай калды. Өлкөбүздө болуп өткөн эки жолку революциянын себептеринин катарына элибиздин сот системине болгон нааразылыгы да кошулат.

Ошондуктан акыркы төрт жылда сот системин тазалоо милдетин мамлекетибизди жана коомду өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары аныктап келебиз. Учурда сот тутуму демократиялык кайра куруулардын өзүнчө бир орчундуу тилкесинен өтүп жатат десек жаңылышпайбыз. Тилекке каршы, бул тарыхый сыноо дагы көп адамдар үчүн аша албаган ашуу, жаңы коомго жете албаган тоскоол болуп калды.

Азыр адилеттүү жана көз карандысыз сот тутумун түзүүнү аягына чейин ишке ашыруу президенттин жана Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө турат. Коомчулуктун дагы, замандын дагы талашсыз талабы ушундай. Адилет коом куруу үчүн башка жол жок. Биз бул максаттан артка кайтпайбыз, Кудай буюрса, аны жакынкы убакытта ишке ашырабыз.

Аткарылууга тийиш болгон милдеттер али бир топ. Соттордун талаптагыдай иштөөсүнө керек болгон материалдык жана финансылык шарттарды түзүү зарыл.

Эң негизги маселе – сот системин таза, адилеттүү судьялар менен камсыз кылуу. Биз пара алууну, коррупцияны максат кылган адам эртеби-кечпи, баары бир кармала турган системди түзөбүз. Ошону билип, андай адамдар өздөрү эле депутаттыкка, судьялыкка, жалпы эле мамлекеттик кызматка жолобой, кача турган жаңы системди куруубуз зарыл”.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан