Бүгүн, 12-декабрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУ ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ошондой эле Москва шаарында боло турган уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын күн тартиби каралды.
Атамбаев менен Бордюжа регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана уюмдун алкагында ЖККУга мүчө мамлекеттердин мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурушту.