Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кызматкерлерине 26 миллион сом карыз

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кызматкерлерине 26 миллион сом карыз. Муну аталган фонддун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын 12-декабрдагы жыйынында билдирди. Ирсалиев фонддун банк эсептеринин баары камакка алынганын айтты. “Мамлекеттик мүлктүн жалпы наркы да белгисиз. Фонддун кызматкерлеринин маяналары боюнча 26 миллион сом карызы бар экен. Улутташтырылган мүлк боюнча сотко берген жактар көп. Бирок биз алар менен соттошсо соттошолу, бирок бир дагы мүлктү бекер бербейли, андан көрө калк кызыкчылыгы үчүн иштетели деп чечтик”,- дейт Ирсалиев.

Андан сырткары мамлекеттин карамагында турган мүлккө ушул кезге чейин инвентаризация жүргүзүлүп, алардын биринин да баасы аныкталбаганын кошумчалады фонддун башчысы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан