Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 12-декабрда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жерге жайгаштыруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана Мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо" институтунун 50 жылдык мааракесине катышты. Жыйында вице-премьер аталган институт тарабынан мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча көп иштер жасалганын белгиледи. "Кыргызстандын жер фондун бекемдөөгө кошкон салымыңар баа жеткис. 1964-жылы институт түзүлүп жатканда силердин алдыңарга чоң тапшырмалар коюлган. Силер аны аткарганыңарды ишенимдүү түрдө айта алам",- деди Маматалиев.
Институт учурда зарыл болгон техникалар менен толук жабдылганы айтылды.