Быйылкы кышка даярдануу иштерин каржылоого республикалык бюджеттен 6 миллиард сом бөлүндү

2014-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 6 миллиард 28 миллион 700 миң сом бөлүндү. Муну бүгүн, 12-декабрда Каржы министрлигинен билдиришти. 
Жылуулук энергиясын субсидиялоого кетчү чыгымдар 1 миллиард 521 миллион 300 миң сомду түздү, мунун 1 миллиард 427 миллион 700 миң сому "Кыргыз турак жай-коммуналдык чарба" мамлекеттик ишканасына, 93 миллион 3 миң сому Ош шаардык мэриясына бөлүнгөнү айтылды. 
"Бюджеттик уюмдардын электр энергиясына кетчү чыгашалары 531 миллион 900 миң сомду, жылуулук энергиясына кетчү чыгашалары 229 миллион 9 миң сомду, жаратылыш газына кетчү чыгашалары 7 миллион 100 миң сомду түздү. Көмүр камдоого жалпысынан 297 миллион 100 миң сом сарпталган. Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, жетүүгө кыйын райондордо жашаган адамдарга электр энергиясына компенсация төлөөгө бюджеттен 208 миллион сом бөлүнгөн",- деп айтылат маалыматта.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан