2014-жылдын республикалык бюджетинин кошумча чыгымдарынын жалпы суммасы 11,7 миллиард сомду түздү. Мунун ичинен 4,8 миллиард сому төмөнкүлөргө жумшалды:
- Күч түзүмдөрүнүн эмгек акысын теңдештирүүгө 1 миллиард 50 миллион 300 миң сом;
- Социалдык фондго (аскер кызматчыларынын пенсиялары) 522 миллион 700 миң сом;
- Капиталдык салымдарга (25 миллион доллары Орусиянын гранты) 1 миллиард 305 миллион сом;
- Жергиликтүү бюджеттерге (газ баллондорун жана мештерди сатып алууга Орусиянын гранты) 35 миллион 600 миң сом;
- Ссудаларга (КРнын энергокомпанияларына Орусиянын гранты) 225 миллион 400 миң сом;
- Аскер кызматкерлерине социалдык турак жай курууга 817 миллион 5 миң сом;
- Түркиянын грантына (калдык) 453 миллион 300 миң сом;
- Саламаттыкты сактоо министрлиги (Орусиянын грантынын калдыгы) 192 миллион 300 миң сом.
Каржы министрлиги билдиргендей, “Кыргызстандын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, республикалык бюджеттин чыгашалары 114 миллиард 800 миллион сом деп каралууда.