"Ар-намыс" диний уюмдарды камсыздандыруу төлөмдөрүн төгүүдөн бошотуу демилгесин колдоду

Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясы "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карады. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору 2014-жылдын 1-январына чейин ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн диний уюмдарды бошотуу максатында иштелип чыккан. Тийиштүү мыйзамга толуктоо киргизүү диний уюмдарга белгилүү өткөөл мезгилде берилүүчү бир жолку акция катары каралат. Депутаттар диний уюмдарга мындай жеңилдик берүү диний уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачык болушуна мүмкүндүк бере турганын айтышты. 

Фракция мыйзам долбоорун жактыруу чечимин кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан