Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу" темасында өтүп жаткан тегерек столдо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү маселеси талкууланууда. Иш-чарага катышып жаткан депутат Наталья Никитенко жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдардын маселелери өзү жетектеген тармактык комитеттин Бишкек жана Ош шаарларында өткөн кеңейтилген жыйындарында кеңири талкууланганын белгиледи. "Ал талкуулардын жүрүшүндө ЖӨБ өкүлдөрү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын берилишиндеги көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулгандыктан, ЖӨБ тармагына тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды",- деди депутат.
Никитенко элдин көйгөйлөрүнүн басымдуу бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечиле тургандыктан, мамлекеттик бийлик менен ЖӨБ иш-милдетин чектөө боюнча саясатты так аныктоо зарылдыгын айтты.
Иш-чара катышуучулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын берилиши, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылануусу жаатындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылды.