Экономика министри Темир Сариев бүгүн, 12-декабрда Түштүк Кореянын "К-Water" компаниясынын президенти Хайежин Р.Янг жана аталган өлкөнүн Тышкы байланыш департаментинин директору менен жолугушту. Жолугушууда компания президенти чакан ГЭСтерди куруу тармагында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин, бул жаатта өкмөттүн кепилдиги керектигин билдирди.
Темир Сариев Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, коммерциялык долбоорлорго мамлекет кепилдик бербей турганын билдирди. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө зарылчылыгын белгилешти.
Инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурбек Максүтов Кыргызстандын экономикасын инвестициялоого колдоо көрсөтүү кепилдиги жана долбоорлордун ишке ашырылышындагы бардык этаптарда инвесторду коштоо тууралуу маалымат берди.