Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев менен Жамааттык кызматташтык келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа жолугушту. Жолугушуу 12-декабрда Бишкекте өтүп, тараптар коргоо министрлеринин жана Жамааттык коопсуздук кеңештеринин алдында турган маселелерди талкуулашты. Бордюжа күн тартибине киргизилген маселелер тууралуу кыскача маалымат берди.
Кыргыз армиясынын жетекчилери ЖККУнун аймактык коопсуздукту өнүктүрүү боюнча карманган багытын толук колдой тургандыктарын билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда аймактык коопсуздук тууралуу да пикир алышуу болду.