Өкмөттө 12-декабрда суу-энергетикалык маселелер боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга төрагалык кылган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маселе зарыл учурда каралып жатканын белгилеп: "Азыркы көйгөйлөрдү чечүү үчүн суу-энергетикалык потенциалды өздөштүрүүгө жана аны башкаруу механизмдерине жаңыча аракет жасоо талабы келип чыкты",- деп билдирди.
Жыйында комиссия мүчөлөрү мурунку жыйындын протоколунун аткарылышы тууралуу маалымат беришти. Жыйынтыгында бардык суу чарба мекемелеринин абалын изилдеп чыгып, муну комиссиянын кийинки жыйынында талкуулоо чечими кабыл алынды.