Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 12-декабрда Өнөктөштөр менен өз ара алаканы өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Мамлекетти башкаруу тармагындагы маселеге токтолгон өкмөт башчы өкмөттүн негизги максаттарынын бири тармакты реформалоо экенин билдирди. "Биринчи кезекте өзүбүздүн үйүбүздө тартипти орнотушубуз керек, мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулата турган реформаларды жасашыбыз зарыл",- деди Оторбаев.
Өкмөт жетекчиси Кыргызстан социалдык блокко өзгөчө көңүл бурган өлкө экенин белгилеп: "Бюджеттин 50 пайызы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоого жумшалат",- деди.
Жыйында мамлекеттик сектор, саламаттыкты сактоо жана башка маселелер боюнча докладдар окулуп, талкуу жүрдү.