Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 64-жыйыны өттү

Москва шаарында 11-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 64-жыйыны өттү. Жыйынга кыргызстандык делегация катышып, аны КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Зина Асанкожоева жетектеди. Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн заманбап экономикалык абалы, аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар актуалдуу экономикалык жана каржылык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган биргелешкен иштердин планын иштеп чыгууну, аны кеңештин кийинки жыйынына киргизүүнү макулдашты. Отурумда мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу да маалымат угулду.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан