Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-декабрда Астана шаарына барды. Премьер-министр Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов жана башкалар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу пикир алышты. Оторбаев бүгүн, 15-декабрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Жолугушууда өкмөт жетекчилери жана делегация мүчөлөрү интеграция жана ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү кеңири формада талкууланат.