Казакстан чек арада кармалып турган, күйүүчү май жүктөлгөн Кыргызстандын вагондорунун маселесин кароону тездетет

Бүгүн, 15-декабрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин алкагында Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту. Өкмөт башчылары суу-энергетикалык, айыл чарба, чек ара, темир жол жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташуусун активдештирүүнү талкуулашты.

"Акыркы кездерде кыргыз-казак кызматташуусу тийиштүү динамикага жана практикалык багытка ээ болуп, активдүү саясий-экономикалык баарлашуу орун алууда. Шериктеш мамлекеттердин демилгелери ар түрдүү эл аралык уюмдарда жана интеграциялык бирикмелерде активдүү колдоого алынууда",- деди Оторбаев. 

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө даярдык көрүүгө жардам көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар "Луговая" станциясындагы күйүүчү-майлоочу майлар жүктөлгөн вагондордун кармалып турушун талкууга алышты. Жоомарт Оторбаев бул маселенин тез арада чечилерине ишенерин билдирди. Карим Масимов Казакстандын тийиштүү органдарына аталган маселенин чечилишин тездетүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан