Бишкек мэриясы таштандыларды кайра иштетүү үчүн эл аралык банктан 23,4 миллион евро сурап жатат

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 15-декабрдагы жыйынында “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча Борбордук Азия үчүн Европа союзунун Инвестициялык фондунун гранттык макулдашуусунун долбоорун 1-окууда карап жатат. Макулдашуунун максаты - Бишкектеги катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасына көмөктөшүү. 

Долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 23,4 миллион еврону түзөт. Бул каражатка Бишкекке жаңы таштанды таштоочу жай, желим таштандыларды кайра иштеп чыгуу үчүн завод курулмакчы. Мындан тышкары атайын техникалар сатылып алынат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан