Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 15-декабрдагы жыйынында Бишкектин бир катар көйгөйлөрү айтылды. Депутат Сайдулла Нышанов шаардагы жарнамалардын чаржайыт илинип жатканына нааразы. Мэр Кубанычбек Кулматовго кайрылган депутат: "Сиз келгенден бери шаардагы жарнамалар чаржайыт болуп кетти. Ким кандай кааласа, ошондой илинип жатат. Буга чара көрүп, иретке келтирбесеңиз болбойт",- деди.
Депутат Эсенгул Исаков шаар сыртындагы таштанды таштоочу жайга жакын жайгашкан үйлөрдүн маселесин көтөрдү. "Баары мыйзамсыз салынган үйлөр. Анысы аз келгенсип, эч кандай талапка жооп бербейт, мэриянын бул боюнча иш алып баруусун талап кылам. Монголиянын борборунда жарандар жерлерди басып алып, там салабыз деп чыгышкан. Бирок бийлик "жалаң элиталык үйлөрдү кургула же боз үй тигип отургула" деп талап койгон. Эл ал талапты аткарды, бизде да ошондой кылса болот. Эл кепеде жашаганын токтотсун. Бизге да сырттан коноктор келиши керек",- деди Исаков.