Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын коргоого Финляндия өкмөтү 1,5 миллион евро бөлүүдө. Муну бүгүн, 15-декабрда өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар агенттиги кабарлады. Мекеме тийиштүү долбоорду ишке ашыруу маселеси аталган өлкөдө өткөн жыйында талкууланганын билдирет. Маалыматка таянсак, 1-декабрдан 6-декабрга чейин Эспоо шаарында Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен Финляндиянын Геологиялык кызматынын Директорлор кеңешинин жыйыны өттү. Анда "Кыргызстандын улуттук жыргалчылыгы үчүн жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүнү бекемдөө" долбоору талкууланган. Жыйынтыгында аталган долбоорду ишке ашырууга 208 миң евролук жабдууларды берүү келишими түзүлдү. Долбоордун алкагында Кыргызстанга 1,5 миллион евро берилмекчи.