Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын январь-ноябрында республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 92 миллиард 471,2 миллион сомду түзүп, план 96,1 пайызга орундалды. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде республикалык бюджеттин аткарылышы 79 миллиард 145,3 миллион сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жалпы чыгашалар 16,8 пайызга көбөйгөн.
Чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 2014-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттен 62 миллиард 217 миллион сом каржыланды же 63 миллиард 704 миллион сом суммасындагы пландын 97,7 пайызы аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырганда каржылоо 12,6 пайызга көбөйгөн.
Корголгон беренелер боюнча чыгашалардын көбүрөөк бөлүгү (25 миллиард 565,8 миллион сом) эмгек акыга жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга (14 миллиард 385,7 миллион сом) жумшалган.
Чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 2014-жылдын январь-ноябрында республикалык бюджеттен 7 миллиард 994,6 миллион сом каржыланды же 8 миллиард 516,7 миллион сом суммасындагы пландын 93,9 пайызы аткарылды. 2013-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырганда каржылоо 9,9 пайызга же 721,4 миллион сомго азайган.