Быйыл капиталдык салымдардын эсебинен 36 мектептин курулушу аяктады

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча капиталдык салымдардын эсебинен 36 мектептин курулушу аяктады, алардын 24ү ички булактардын эсебинен (республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча), 12си Түркиянын грантынын эсебинен бүткөрүлдү. Бул тууралуу 15-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ар бир мектептин сметалык нарктары, ишке ашыруу мөөнөттөрү жана долбоордук кубаттуулугу ар кандай. Айрым мектептер 3-4 жылда курулду, бирок алардын көпчүлүгү былтыркы жылдан тартып курула баштаган. Курулуш башталгандан бери курулуп бүткөн мектептерди каржылоонун жалпы суммасы 1 миллиард 262 миллион сомду түздү, анын ичинен ички булактардын эсебинен (республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча) 894 миллион 404,6 миң сом, Түркиянын грантынын эсебинен 367 миллион 679,8 миң сом сарпталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан