Депутаттар Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланышкан төргөө ишиндеги маалыматтарды угушту

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 16-декабрдагы жыйынында Камила Дүйшөбаеванын өлүмү, ишкер Райкан Алкановдун сабалганы боюнча жүрүп жаткан тергөө иши тууралуу маалыматтар угулду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов баяндама жасады. Жапаркулов учурда Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, жашыруун маалыматтарды берүүдөн баш тартты. “Тергөө иштери уланууда. Бирок журналисттердин алдында айрым маалыматтарды бере албайм”,- деди министрдин орун басары.

Ал эми ишкер Райкан Алканов боюнча иликтөө ишинин 80 пайызы бүтүп калганына токтолду.

“Экспертизалык топтун жыйынтыгы гана калды. 1-2 айдын ичинде толук жыйынтыктайбыз. Ал эми ишкерге кол салуу боюнча шектелип кармалган 3 кыз учурда абакта”,- деп кошумчалады Жапаркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан