Бишкектин айланасында мыйзамсыз курулган 6 миңдей үй бар

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Ыргал Кадыралиева тарабынан сунушталган Бишкек жана Ош шаарларындагы ээси аныкталбаган үйлөрдү мэриянын чечими менен сүрдүрүү же мамлекеттин карамагына өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, шаардын аймагында 6 миңден ашуун мыйзамсыз курулган үй бар. Алардын 3 миңден ашуунун мыйзамдаштырууга боло турган болсо, калганын мыйзамдаштырууга мүмкүн эмес. “Мыйзам долбоору шаардын көркүн гана жакшыртпастан, курулуш боюнча мыйзамсыз иштерди да жолго салат. Кээ бир мыйзамдаштырууга мүмкүн болбогон жерлерди алдын ала кайтаруу үчүн сөзсүз керек. Жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырууда коррупцияга бара турган айрым жагдайларды жоюуда негизги ролду ойнойт”,- деди Кадыралиева. 

Депутат Туратбек Мадылбеков мыйзамды шаарды курчап турган райондорго да тиешелүү кылууну сунуштады. "Мыйзам шаарды курчап турган райондорго да тиешелүү болушу керек. Бишкектин четиндеги Сокулук, Аламүдүн райондорунда айдоо жерлерин басып алып үй куруп жаткандар көбөйдү, мыйзамсыз курулган үйлөр 7 миңден ашып кетти",- деди Мадылбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан