Бишкекте №69-мектепке жаңы видеобайкоо системи ишке кирди

Бишкек шаарындагы №69-мектеп-гимназиясында видеобайкоо системи ишке кирди. Мэрия 17-декабрда билдиргендей, мектептин айланасын көрсөтүп туруучу 6 видеокамера иштеп жатат. Жаңы системдин иши менен таанышкан шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова мындан ары мектепте тартип бузуулар азаярын белгиледи. 
"Видеокамералар окуучулар арасында кылмыштуулукту, мисалы, кийим илүүчү жайдагы уурулукту, мектептин айланасындагы "разборкаларды" азайтат. Видеобайкоо менен мектептин арт жагын да көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жакшы. Өзгөчө ашканага камера коюлганы жакшы болду, анткени окуучуларга кандай тамак берилип жатканын байкап турууга жол ачылды",- деди вице-мэр. 
Мектеп директору билдиргендей, жаңы коюлган видеокамералардын артыкчылыгы - сапаттуулугунда. Тартылган видеону чоң экрандан сапаттуу көрүүгө мүмкүн.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан