Бишкекте 16-декабрда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасынын сот тутумунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн актуалдуу маселелери» деген аталыштагы бир күндүк семинар болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Семинарда Жогорку Соттун судьясы Сатыбалдиева Нургүл, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын улук адиси Абдыжапар уулу Мундузбек, Жогорку Соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын ишин камсыздоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ахметова Айнура жана Кыргыз Республикасындагы “Transparency International” улуттук бөлүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Шаршенбаев Адылбек актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүштү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын сотторунун аппарат кызматкерлеринин этикасы, мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдары: сот тутумунда коррупцияга каршы аракет жана эскертүү боюнча чаралар, Кыргыз Республикасынын сот аппараттарында иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү маселелери каралды.
Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын сотторунан, жалпы 26 аппарат кызматкери (жергиликтүү соттордун судьяларынын консультанттары жана жардамчылары) катышты.