Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Кыргызстандын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жана Кыргызстандын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоорунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, буга чейин Ички иштер министрлигине карап келген Ички аскерлер бөлүгүн, анын түзүмдөрү менен милдеттерин Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүү жагы каралууда.
Мыйзам долбоорун депутаттар экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.