Жогорку Кеңеште бүгүн, 17-декабрда жарандардын кайрылууларына жооп берүү мөөнөтүн кыскартууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Долбоордун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралса, башка мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Бул айырмачылыкты жоюп, кайрылууларга жооп кайтаруу мөөнөтүн 14 жумушчу күн деп белгилөө сунушталууда.
Жарандардын кайрылууларына жооп берүү тартибин бузган мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу жагы да каралууда.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.