Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "КРнын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоору боюнча Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев баяндама жасап, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы тууралуу айтты.
Өкмөт тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорунда аккредиттелбеген билим берүү уюмдарында жекече билим берүү жана өз алдынча билим алуу түрүндө билим алышкан жарандар, экстернат түрүндө аттестациядан өтүүгө укуктуулугу каралган.