Кыргызстанга кирчү банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленүүдө

Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында "Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору импорттолуучу банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотууга багытталууда. КНСтен бошотулуучу жабдуулар: банкоматтар, пост-терминалдар, төлөө терминалдары жана банк күркөлөрү.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев мыйзам долбоорун кабыл алуу менен накталай эмес акча жүргүртүүнүн көлөмү жогорулап, салык төлөмү көбөйөрүн айтат.

Бир катар депутаттар мындай демилге банктардын кызыкчылыгы экенин айтып, муну банктар бай мекеме экендиги менен байланыштырышты. 

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан