Орусия президенти Владимир Путин рублдун курсунун кескин түшүп жатышы боюнча 18-декабрда өтчү ири жыйынтыктоочу маалымат жыйынына чейин билдирүү жасабайт. Муну бүгүн президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен орусиялык маалымат булактары жарыялашты.
Песковдун айтымында, өлкө башчы валюта рыногундагы акыркы кырдаал боюнча министрлер менен атайын жыйын өткөрүүнү да пландаган жок. Анткени министрлер менен дайыма байланышта экени айтылат.
16-декабрда премьер-министр Дмитрий Медведевдин төрагалыгы менен каржылык блоктун жыйыны өттү. Анда өлкөдө валюталык көзөмөл киргизбөө чечими кабыл алынган эле.
Айта кетсек, Орусиянын валюталык рыногунда туруктуулук орной элек. Учурда 1 доллар 73 рублга, 1 евро 88 рублга бааланууда. Кечээ доллардын курсу 80 рублга, евронуку 100 рублга чыккан.