Кыргызстандыктар 2015-жылдын 1-январынан баштап Орусиянын аймагына кирүүдө чет өлкөгө чыгуучу паспортторун (загранпаспорт) көрсөтүүгө милдеттүү. Орусиянын аймагынан сыртка чыгууда да аталган паспорт колдонулат.
Муну менен бирге Орусиянын чек арасын кесип өтүүдө 16 жашка чейинки балдар да сыртка чыгуучу паспортун көрсөтүүгө тийиш экени буга чейин айтылган. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Миграциялык саясат башкармалыгы 17-декабрда билдиргендей, 2015-жылдын 1-январына чейин Орусияга ички паспорттор (ID-card) менен кирген жарандар чет өлкөгө чыгуучу паспортту Орусиянын аймагынан бүтүрүп алышса болот. Бул үчүн жарандар Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигине кайрылышы керек. Жаңы паспортту бүтүрүп берүүнүн суммасы канча болорун элчиликтен айтышат.
Айта кетсек, учурда кыргызстандыктар Орусияга ички паспорттор (ID-card) жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (16 жашка толо электер) менен кирип, чыгышууда. Жаңы жылдан кийин бул документтер менен кирүүгө болбойт.