Асия Сасыкбаева: “Мекемелерге видеокамераларды орнотуу жемишин берет”

Вице-спикер Асия Сасыкбаева бүгүн, 17-декабрда Парижде Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин жыйынына катышып келгени боюнча маалымат берди. ЖКнын маалымат кызматы билдиргендей, вице-спикер ЕКПАнын аталган комитетинин жыйынында өлкөдөгү саясий кырдаал, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда иштөөсүнө уруксат берүүчү документтерди алуу жана башка мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат бергенин айтты.

Депутат коопсуздуктун алдын алуу үчүн видеобайкоо жабдууларын орнотуу маселесине токтолду. Чет өлкөлөрдө видеобайкоо жабдыктарын орнотуу эчак эле жолго коюлгандыгын, бул маселе элдин, мамлекеттин коопсуздук маселеси экенин айткан Сасыкбаева: “Бардык мекемелерге видеобайкоо жабдууларын орнотуу өз жемишин берет”,- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан