Кыргызстанда президенттик сыйлыкка татыктуу спортчулардын тизмесин түзүүдө одоно катачылык кетиргендерге Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору тарабынан сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда аталган агенттиктен билдиришти.
Маалым болгондой, аталган агенттиктин башчысы Кадырбек Эргешов Борбордук аппараттын спорттук-массалык иш боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Чыңгыз Искеновго жана ушул эле бөлүмдүн башчысы Канатбек Арпачиевге сөгүш жарыялады.
Мындан тышкары Мамлекеттик агенттиктин башчысы тарабынан премьер-министрдин атынан статс-катчысы Нуржан Бардиновага жана башчынын орун басары Болот Мотукеевге сөгүш жарыялоо сунушталды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын президентинин аппараты бүгүн, 17-декабрда президенттик сыйлыкты алуудагы спортчулардын тизмесиндеги одоно катачылык боюнча билдирүү жасаган.