Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, өлкөнүн каржы рыногундагы азыркы кырдаал талкууланды. Өкмөт жетекчиси коңшу өлкөлөрдүн валюталык рыногундагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы азыркы каржылык кырдаалды анализдеп чыгуу керектигин белгиледи. "Биз потенциалдуу чакырыктарды жана тобокелчиликтерди анализдеп чыгышыбыз керек. Бул багытта туура мамлекеттик саясатты орнотууга жардам бере тургудай шартта биргелешкен чараларды көрүү кажет",- деп билдирди өкмөт башчы.
Абдыгулов инфляциянын деңгээлин түшүрүү, валюталык жөнгө салуу жана коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча Улуттук банк жасап жаткан иштерди атады. Рублдун курсунун төмөндөшүнө байланыштуу Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар азайышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Жыйынтыгында премьер-министр өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондуна дан азыктары менен күйүүчү майдын корун (запасын) камдоо тапшырмасын берди. Мындан тышкары Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине базар бааларына дайыма көзөмөлдүк кылуу милдети жүктөлдү.