Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына журналист
Жанар Акаевдин талапкерлиги сунушталууда. Маалыматты
SUPER.KG`ге парламенттеги КСДП фракциясынан тастыкташты.
Маалыматка таянсак, аталган министрликти жетектөөгө мурунку министр
Алиясбек Алымкуловдун жардамчысы
Төлөн Усупбаев, коомдук ишмер Эдил Байсалов жана башка бир нече жарандын талапкерлиги сунушталууда.
Эскерте кетсек, буга чейин талапкерлиги сунушталган депутат Данияр Тербишалиев министрлик кызматтан баш тарткан эле.