Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында депутаттар Бөдөш Мамырова менен Анарбек Калматовдун ортосунда түшүнбөстүк жаралды. Чыр вице-спикердин депутатка микрофон бербей коюшунан башталды.
Калматов: - Эмнеге мага микрофон бербей жатасыз? Калыс болбойсузбу?
Мамырова: - Эмнеге беришим керек? Процедура менен кетип жатпайбызбы, отуруңуз.
Калматов: - Отурбайм! Мени процедураны билбейт дебеңиз. Сиз ишти алып бара албайсызбы, ал жерде отурбай, кетиңиз.
Мындай айтышуудан кийин Калматов вице-спикердин жанына барып, экөө трибунадан айтыша кетишти.
Депутаттар ортого түшүп, арачалап калышты.