Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына талапкерлерди 19-декабрда карайт. Муну депутат Абдыманап Кутушев бүгүн, 17-декабрда SUPER.KG порталына билдирди. Депутаттын айтымында, министрлик кызматка бир нече талапкер сунушталууда. Алардын ичинде аталган министрликтин мурунку жетекчиси Алиясбек Алымкуловдун жардамчысы Төлөн Усупбаев, коомдук ишмерлер Эдил Байсалов, Бакыт Усупбеков, Бакыт Романов жана башкалар бар.