Депутаттар Бишкек жана Ош шаарынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” жана “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 3-окууда кабыл алышты. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 17-декабрындагы жыйынында кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык, ордо калаанын жана Ош шаарынын бардык мекемелери менен ишканаларына видеобайкоо жабдууларын орнотуу милдеттендирилет. Видеобайкоо жабдуулары ошол мекеме жайгашкан жерде сырткы көзөмөл үчүн пайдаланылат. Аларды орнотуу мамлекеттик мекемелер үчүн республикалык бюджеттен, муниципалдык мекемелер үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ал эми жеке менчик ишканалар өз каражатынын эсебинен орнотушат.