Белгилүү мамлекеттик ишмер, маркум Султан Ибраимовду өлтүргөндөр 6 жылдын ичинде ачыкка чыгат. Муну депутат Турсунбай Бакир уулу бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ибраимовду өлтүргөндөр ошол кезде кыргыз бийлигин жетектеп турушканын эскертти депутат.
“Кыңыр иш кырк жылда билинет. Ибраимовдун киши колдуу болуп өлгөнүнө 34 жыл болуптур. Мен ишенем, дагы 6 жылдын ичинде өлтүргөндөр ким экени ачыкка чыгат”,- дейт Бакир уулу.
Айта кетсек, Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов убагында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин айыл чарбасы боюнча катчылык кызматында, кийин Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеп, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы сыяктуу жооптуу мамлекеттик иштерде эмгектенген. 1980-жылы 53 жашында Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик дачада эс алуу маалында киши колдуу болуп каза тапкан.