Жаңы конуштардагы ээси аныкталбаган курулуштарды сот чечимисиз эле бузууга парламент уруксат берди

Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында “КРнын Жарандык кодексине толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам кабыл алынды. Демилгечилер мыйзамдын максаты жаңы конуштардагы баш аламандыктарды калыбына келтирүү, жерди басып алуу менен мыйзамсыз курулган үйлөрдү (ээси аныкталбаган учурда) соттун чечимисиз эле бузуу нормасын ишке киргизүү экенин айтышууда. Парламенттин бүгүнкү жыйынында Бишкектин вице-мэри Бакыт Дүйшөмбиев ээси аныкталбаган үйлөр боюнча ишти соттор кабыл албай жатканын айткан эле. 

Мыйзам кол коюу үчүн президентке жиберилет, кол коюлгандан тартып ээси аныкталбаган курулуштарды мэриянын тийиштүү чечими менен сүрдүрүү иштери башталмакчы. 

Айта кетсек, мыйзам Бишкек жана Ош шаарларына гана тийиштүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан