Жогорку Кеңеш Коомдук алдын алуу борборлорунун катышуусунун укуктук негиздерин өнүктүрүү жана бекемдөө максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоорун 3-окууда кабыл алды. Демилгечилер КААБдын ишинин натыйжалуулугу жана статусунун укуктук жактан аныкталбагандыгы, каржылык булактары жана өздүк балансынын жоктугу, ошондой эле КААБдын иш-аракетин жергиликтүү жана республикалык деңгээлде аткаруу жетишсиз болууда.
Ошондон улам КААБдын коомдук коммерциялык эмес уюм катары укук бузуулардын алдын алуу иштерине катышуу максатында түзүлгөн статусун аныктоо сунуш кылынат. КААБдын координациялоо ишин азыркы учурда жергиликтүү деңгээлде ийгиликтүү иштеп жаткан укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелерине өткөрүп берүүнү сунуш кылат.
Мындан тышкары КААБ иштери начар каржыланып жатканы, ал жергиликтүү бийлик органдарынын аракетине жараша чечиле турган башкы көйгөй экени белгилүү болду. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, алар атайын программаларды түзүү аркылуу жеке ишкерлердин, эл аралык уюмдардын жардамын алат. Бирок алардын иши аларды түзгөн жергиликтүү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө болот.