Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында "КРнын Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Демилгечилердин айтымында, мыйзамдын максаты - өлкөнүн улуттук коопсуздугунун элементи катары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо. Тактап айтканда, мыйзам долбоору чек ара аймактарындагы курулуштарды укуктук жактан жөнгө салуу жана телекоммуникациялык түйүндөрдү кеңейтүүгө багытталган.
Мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилет.