Жогорку Кеңеш 17-декабрдагы жыйынында айдоочулук күбөлүктү алууда жарандардын сынакка өз алдынча даярданышын токтотууга багытталган мыйзам кабыл алды. Азыркы тапта "КРнын жол кыймылы жөнүндө" мыйзамда өз алдынча даярдыктар өтүп, бирок аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу же башка себептерден улам белгиленген тартипке ылайык, сабактарга катыша албай калган адамдарга өзгөчө тартип менен сынак берүүгө уруксат берилет. Мамлекеттик каттоо кызматына кирген тийиштүү департаменттин сынакка кирүүгө уруксат бериши коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна мүмкүндүк түзүп жатканы мурунку жыйындарда депутаттар тарабынан айтылган эле.
Мыйзам долбоору кабыл алынганда өкмөттүн токтому менен бекитилген сынактарды кабыл алуу, жарандарга айдоочунун күбөлүгүн берүү жана автоунааларды башкарууга айдоочуларга уруксат берүү тартиби жөнүндө жобого жана Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти жөнүндө жобого тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.
Парламент кабыл алган мыйзам президенттин кол коюусунан кийин күчүнө кирет.