Жогорку Кеңештин депутаттары кино тартуудагы кастингдерге нааразы

Жогорку Кеңештин депутаттары киного тартуудагы кастингдерге нааразы. Парламенттин 17-декабрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу бул тармакта уюштурулуп жаткан кастингдерди сындады. "Кыздарды киного тартуу үчүн ар кандай кылып кастингден өткөрүшөт экен. Киного тартылгысы келгендер билбей баарына макул болуп, бара беришет. Кино тармагын көзөмөл кылыш керек”,- дейт депутат. 

Бакир уулу жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовду Сочидеги 207 метр бийиктикте жайгашкан асма көпүрөдөн секиргени үчүн мактады.

“Көпүрөдөн секиргениңизди көрүп толкундандым. Министр катары да ушундай аракет кылып иштесеңиз жакшы болот, азаматсыз”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан