"Кыргызстандын биринчи канайымы Раиса Атамбаева дарыгерлерди мажбурлоо менен (акча төлөтүү аркылуу) кайрымдуулук иш-чараларга катыштырууга жол берилбеши керек деп эсептейт",- деп билдирди президенттин маалымат катчысы
Кадыр Токтогулов.
Айта кетсек, буга чейин маалымат булактарына балдар онкологиясы бөлүмүн колдоо иретинде уюштурулуп жаткан кайрымдуулук кечесине акча төлөө менен катышууга Улуттук онкология борборунун дарыгерлерин мажбурлоо болуп жатканы, ал иш-чарага президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын катышары жарыяланган эле.
"Биринчи канайым Раиса Атамбаева балдар онкологиясы бөлүмүн колдоо иретинде уюштурулуп жаткан кайрымдуулук кечесине чакыруу алган, бирок ага барууну пландай элек",- деп билдирет Токтогулов.
Бул кырдаалды Саламаттыкты сактоо министрлиги териштириши керектиги, эгер факт аныкталса, күнөөлүү тарапка катуу чаралар көрүлүшү керектиги кошумчаланды.