Кыргызстанда кинематография жаатындагы мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Депутаттардын суроосуна маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жооп берди. Анын айтымында, видео жана аудио өндүрүү чөйрөсүндө технология жакшырып, маалымат алып жүрүүчү технологиялар көп маалымат камтып калды. Азыркы тапта кымбат баалуу чоң долбоорлордон сырткары бардык кинопродукция санариптик технологияны пайдаланат. Буга байланыштуу мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн жогорудагыдай мыйзам долбоору иштелип чыккан. Долбоор техникалык мүнөздө болуп, мыйзамдын маани-маңызы өзгөрбөйт. Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун 1-окууда добуш берүүгө жиберишти.