Жогорку Кеңеш 5-чакырылышынын төрт жылдык ишинин жыйынтыгына арналган "Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алган сабактар жана келечек" аттуу илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын биринчи жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин азыркы чакырылышына парламенттик демократияны жаңы шартта, жаңы нукта өнүктүрүү милдети туш келгенин белгиледи.
“Парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча башка өлкөлөргө да сабак болор, тажрыйба алмашар көп иштер жасалды. Биз мына ушуну коомчулукка ачып берүүгө тийишпиз",- деди Жээнбеков.
Жыйында аталган конференцияны даярдоо жана өткөрүү жаатында бир катар сунуштар берилип, айрым жагдайлар такталганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.