Вице-премьер-министр Валерий Диль 17-декабрда бир катар министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин быйылкы ишинин жыйынтыгын укту. Мындан тышкары 2015-жылдын пландары талкууланды. Транспорт жана коммуникация, Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Мамлекеттик байланыш агенттиги, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана башка мекемелердин жетекчилери жыл ичинде жасалган иштер тууралуу маалымат беришти.
Диль министрлик жана мекемелердин 2015-жылкы пландарын толуктап иштеп чыгуу керектигин белгилеп, коррупцияга каршы күрөштү, инвестиция тартууну, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, алдынкы технологияларды колдонууну күчөтүү зарылдыгын айтты.
Вице-премьер жолдорду оңдоонун сапатына, санариптик телеберүүгө өтүү иштеринин аткарылышына, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча келишимдин аткарылышына да өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын бергенин өкмөттөн билдиришти.