Кыргызстанда 2015-жылдын жазында чет элдик жарандарга электрондук виза берүү башталат. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 18-декабрда өкмөттөн билдиришти. Документке ылайык, Кыргызстанга кирип-чыккан же өлкө аймагы аркылуу башка мамлекеттерге өтүүчү чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго электрондук виза берүү ишин Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы аткарат.
"Бул систем чет элдик жарандардын виза алуусун жөнөкөйлөштүрөт жана виза берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартат. Электрондук виза системи өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууда позитивдүү ролду ойнойт",- деди Жоомарт Оторбаев.
Мындай чечим туристтик операторлордон жана ишкердик чөйрөдөн түшкөн көптөгөн кайрылуулардан кийин кабыл алынганы айтылды.
Виза 60 күндүк мөөнөт менен берилет жана узартып алууга болот.